Меню
Эл-Сөздүк
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: чек банковский

Русский Кыргызский
В случаях, установленных настоящими Правилами, по желанию участника, получили суммы могут быть переведены на банковский счет, указанный участником. Ушул Эрежелерде бекитилген учурларда, Катышуучунун каалоосу менен, утуп алынган акча Катышуучу көрсөткөн эсепке которулушу мүмкүн.
Участник может снять деньги со счета в наличной (без комиссии и дополнительные расходы) в одном из касс организатора через метода банковский перевод, или способом, в котором был сделан депозит. Катышуучу (КОМИССИЯЛЫК ЖАНА КОШУМЧА ЧЫГЫМДАРСЫЗ) Уюштуруучунун кассаларынын биринде банк менен которуу же депозитти кандай ыкма менен салса, ошол ыкма менен эсебинен накталай акчаны чыгарып ала алат.
Если товарищество прекращается, страховые поступления проводятся партнерства на его банковский счет и расходуются сначала на любой ипотечных кредиторов пропорционально их интересов в помещении. Шериктикти жоюу процессинде камсыздандыруу боюнча келип түшкөн каражаттар шериктиктин банктагы эсептеринде сакталат жана биринчи кезекте алардын имарат жайларга болгон таламдарына ылайык ипотекалар боюнча кредиторлорго төлөөгө чыгымдалат.
Размер платы банку/клиенту за пользование кредитом/депозитом, выраженный в процентах. Банковский процент зависит от величины и срока кредита/депозита, его обеспеченности, степени кредитного риска. Банкка/кардарга кредитти/депозитти пайдалангандыгы үчүн төлөмдүн пайыздарда туюндурулган өлчөмү. Банктык пайыз кредиттин/депозиттин өлчөмүнө жана мөөнөтүнө, анын камсыздалышына, кредиттик тобокелдик деңгээлине жараша болот.
Банковский холдинг – это акционерное общество (основная кредитная организация), владеющее контрольным пакетом акций банков (дочерних кредитных организаций) и обладающее возможностью определять принимаемые ими решения Банктык холдинг – банктардын (туунду кредиттик уюмдардын) акцияларынын контролдук топтомуна ээлик кылган жана кабыл алынып жаткан чечимдерди аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон акционердик коом (негизги кредиттик уюм).
Национальный банк снизил ставку обязательных резервов с 9,5 до 8,0 процента и базовой ставки специального фонда рефинансирования банков (SFBR) с 8 до 7 процентов, чтобы поддержать банковский сектор в условиях сокращения ресурсной базы для Банк секторуна колдоо көрсөтүү максаттарында насыялоо үчүн ресурстук базанын төмөндөө шарттарында Улуттук банк милдеттүү камдар ченемин 9,5 пайыздан 8,0 пайызга жана Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фондунун (БРАФ) базалык чен өлчөмүн 8 пайыздан
С учетом его достижения, Национальный банк установил дочернее предприятие ООО Специальный фонд рефинансирования банков; его основным направлением деятельности было определено как предоставление финансовых ресурсов в банковский сектор для кредитования реал Ушул максатка жетишүү үчүн Улуттук банк тарабынан банк секторуна реалдуу секторду насыялоо үчүн финансылык ресурстарды сунуштоо анын негизги иш багыты катары аныкталган туунду ишкананы «Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду» ЖЧКсын түзүү саналга
Прямой банковский надзор – это мера воздействия, применяемая в отношении коммерческих банков в случаях:
1) наличия финансовых проблем, не разрешаемых банком в течение предписанного времени; 2) когда действия должностных лиц банка расцениваются как рискованные и могут повлиять на благополучное состояние банка;
3) потенциальной угрозы интересам вкладчиков и других кредиторов;
4) выявления фактов нарушений законодательства и нормативных актов Национального банка.
Тике банктык көзөмөл – бул, төмөнкү учурларда коммерциялык банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары:
1) банк тарабынан белгиленген убакыт ичинде чечилбеген финансылык проблемалардын орун алышы; 2) банктын кызмат адамдарынын аракеттери тобокелдүү катары бааланып, ал банктын алгылыктуу абалына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон жагдай;
3) аманатчылардын жана башка кредиторлордун таламдарына потенциалдуу коркунучтун келтирилиши;
4) мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик актыларынын талаптарын бузууга жол берилгендиги фактыларынын аныкталышы.
1) Процесс сбора, обработки, подтверждения платежей и подсчета взаимных обязательств участников системы.
2) Система безналичных расчетов по встречным обязательствам между странами, банками, компаниями, предприятиями за поставленные, проданные друг другу товары, ценные бумаги и оказанные услуги, исходя из условий баланса платежей.
3) Банковский     клиринг представляет собой систему межбанковских безналичных расчетов, основанных на взаимном зачете равных платежей друг другу.
4) Валютный   клиринг представляет порядок проведения международных расчетов между странами, основанный на взаимном зачете платежей за товары и услуги, обладающие равной стоимостью, исчисленной в так называемой клиринговой валюте по согласованным ценам.
5) Клиринг   ценных   бумаг – процесс подсчета взаимных обязательств участников рынка при проведении торгов по ценным бумагам
1) Төлөмдөрдү топтоо, иштеп чыгуу, тастыктоо жана системанын катышуучуларынын өз ара талаптарын эсептөө процесси.
2) Төлөмдөрдүн баланстык шарттарынын негизинде, өлкөлөр, банктар, компаниялар, ишканалар ортосунда бири-бирине сунушталган, сатылган товарлар, баалуу кагаздар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн утурлама милдеттенмелер боюнча нак эмес эсептешүү системасы. 3) Банктык     клиринг дегенден улам, бири-бирине барабар төлөмдөрдүн өз ара чегерилишине негизделген банктар аралык нак эмес эсептешүүлөр системасын түшүнүү зарыл.
4) Валюта  клиринги – бул, өлкөлөр ортосунда бирдей нарктагы товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдүн өз ара чегерилишине негизделген, клирингдик валютада макулдашылган баада эсептелген, эл аралык эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартибин түшүндүрөт.
5) Баалуу  кагаздар  клиринги – баалуу кагаздар боюнча тооруктарды өткөрүү учурунда рынок катышуучуларынын өз ара милдеттенмелерин эсептөө процесси.
(От лат. credit он верит) – 1) Средства, предоставляемые кредитором заемщику на условиях возвратности, срочности и платности за их использование. Различают следующие основные формы кредита: а) краткосрочный, выдаваемый на срок до года, предназначенный для формирования оборотных средств предприятий, фирм; б) долгосрочный, предоставляемый на срок свыше года и используемый в качестве инвестиционного капитала; в) гарантированный, предоставляемый под гарантию, под обеспечение; г) государственный, в котором в качестве заемщика выступает государство, а в роли кредитора – физические и юридические лица, приобретающие государственные ценные бумаги; д) банковский, предоставляемый банками в денежной форме; е) потребительский, предоставляемый потребителям товаров и услуг и используемый для удовлетворения потребительских нужд; ж) коммерческий, предоставляемый юридическими и физическими лицами друг другу по долговым обязательствам или предоставляемый в товарной форме продавцами покупателям (продажа в рассрочку); з) международный (иностранный), предоставляемый продающей стороной покупающей стороне в форме аванса для закупки товаров у продающей стороны; и) ипотечный, предоставляемый под залог недвижимости. Кредитор тарабынан карыз алуучуга өз учурунда кайтаруу, мөөнөтүндө төлөө жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында берилген каражат. Кредиттер төмөнкүдөй негизги формаларга бөлүнөт: а) ишканалардын, фирмалардын жүгүртүү каражаттарын топтоо үчүн каралган, бир жылга чейинки мөөнөткө берилген кыска мөөнөттүк кредит; б) инвестициялык капитал катары пайдаланылган, бир жылдан ашкан мөөнөткө берилген узак мөөнөттүү кредит; в) кепилдик, камсыздоо алдында берилген гарантиялык кредит; г) мамлекет карыз алуучу катары, ал эми мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алышкан жеке адамдар жана юридикалык жактар кредитордун ролунда иш алып барган мамлекеттик кредит; д) банктар тарабынан акчалай формада сунушталган банктык кредит; е) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөргө сунушталган жана керектөө муктаждыктарын канааттандыруу үчүн колдонулган керектөө кредиттери; ж) карыздык милдеттенмелер боюнча юридикалык жактар жана жеке адамдардын бири-бирине берген же сатуучулар тарабынан сатып алуучуларга товардык формада сунушталган (бөлүп төлөө шартында сатуу) коммерциялык кредиттер; з) сатып жаткан тараптын товарларын сатып алуу үчүн сатуучу тарабынан сатып алуучу тарапка аванс формасында сунушталган эл аралык (чет өлкө) кредиттер; и) кыймылсыз мүлктү күрөөгө алуу менен берилген ипотекалык кредит.
Капитал банка регулятивный – капитал, которым должна располагать организация в соответствии с требованиями регулирующих органов для покрытия возможных потерь, способных возникнуть вследствие принимаемых рисков.
К регулятивному капиталу относятся: Собственный капитал банка – совокупность различных по назначению средств банка, являющихся собственностью владельцев банка, и которые обеспечивают экономическую самостоятельность и стабильность его функционирования. Собственный капитал банка включает: уставный капитал, резервный капитал, учредительскую прибыль, дополнительный капитал.
Согласно стандартам Базельского комитета по банковскому надзору для целей расчета коэффициентов адекватности капитала банковский капитал делится на: капитал Первого уровня и капитал Второго уровня.
а) В структуру капитала первого уровня включается: оплаченный уставный капитал, капитал, внесенный сверх номинала, дополнительный капитал, резервы для будущих потребностей банка, нераспределенная прибыль (убытки) прошлых лет. Путем вычета из капитала первого уровня нематериальных активов находится Чистый капитал первого уровня.
б) В структуру капитала второго уровня включается: прибыль текущего года, общие резервы на покрытие потенциальных потерь и убытков по активам, резервы по положительной переоценке годных для продажи и удерживаемых до погашения ценных бумаг и положительной переоценке иностранной валюты, субординированный долг. в) Путем вычета из суммы чистого капитала первого уровня и капитала второго уровня инвестиций (в виде акций или долевого участия в капитале) в дочерние организации банка, другие банки и финансовые учреждения находится Чистый суммарный капитал.
Значения чистого капитала первого уровня и чистого суммарного капитала используются для расчета адекватности капитала и других экономических нормативов банка.
Банктын ордун жабуучу (регулятивдүү) капитал – бул, жөнгө салуучу органдардын талаптарына ылайык, уюмдар тобокелдиктердин орун алышынан улам, келип чыгышы мүмкүн болгон жоготуулардын ордун жабуу үчүн ээ болууга тийиш болгон капитал.
Мындай капиталга төмөнкүлөр кирет:
Банктын өздүк капиталы – банк ээлеринин менчиги болуп саналган ар кандай багыттарга жумшалуучу жана банк ишинин экономикалык өз алдынчалыгын жана туруктуулугун камсыз кылган каражаттар жыйындысы. Банктын өздүк капиталына уставдык капитал, камдык капитал, уюштуруучулардын пайдасы, кошумча капитал кирет.
Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин стандарттарына ылайык, капиталдын шайкештик коэффициенттерин эсептөө үчүн банктын капиталы: биринчи деңгээлдеги жана экинчи деңгээлдеги капитал болуп бөлүнөт.
а) Биринчи деңгээлдеги капиталдын түзүмүнө: төлөнгөн уставдык капитал, номиналдан үстөк салынган капитал, кошумча капитал, банктын келечектеги керектөөлөрү үчүн камдар, өткөн жылдарда бөлүштүрүлбөгөн пайда (чыгымдар) кирет. Биринчи деңгээлдеги капиталдан материалдык эмес активдерди эсептеп алып салуу аркылуу, биринчи деңгээлдеги таза капиталды алууга болот. б) Экинчи деңгээлдеги капиталдын түзүмүнө: өтүп жаткан жылдын пайдасы, активдер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга жалпы камдар, сатууга боло турган жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздарды алгылыктуу кайра баалоо боюнча камдар жана чет өлкө валюталарын алгылыктуу кайра баалоолор, субординацияланган карыз кирет.
в) Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын жана экинчи деңгээлдеги капиталдын суммасынан банктын туунду уюмдарына, башка банктарга жана финансы мекемелерине инвестицияларды (акция же капиталга үлүштүк катышуу түрүндөгү) эсептеп алып салуу аркылуу таза суммардык капиталды алууга болот.
Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын жана таза суммардык капиталдын мааниси банктын капиталынын шайкештигин жана башка экономикалык ченемдерди эсептөөдө колдонулат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: